Жалал-Абад облусунда ишкерликти мыйзамсыз текшерүү фактысы аныкталганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Таш-Көмүр шаардык ишки иштер кызматкерлери, мыйзамды жана президенттин жарлыгын эске албай, ишкананын ишин токтотуусун кат жүзүндө талап кылган. Жыйынтыгында ал ишкана материа...
Ош шаардык мэриясынан Исфана шаарына барган делегация “Лейлек” муниципалдык ишканасы, Саламат Садыкова атындагы сейил багы жана реконструкция боло турган “Талант Ордо” аллеясынын абалы менен таанышты. Иш-сапардын алкагында делегация өкүлдөрү Лейлек жана Баткен райондорун...
Быйыл жыл башынан бери 16 миң адам пневмония же өпкөнүн кагынышы менен ооруду. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,3%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Өпкөсү кагынып ооругандар Нарында өсүп, былтыркыга караганда 1,7 эсе көбөйгөн. Андан кийинки...
Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Эмдөөнү №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөө алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы кылдат текшерилди. Маалым...
Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты. Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда болот. Адатта беттештер расмий ачылышка чейин эле старт алат. Софтбол -...
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар - сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик...
20-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы “Кыргызстан” жаңы конушунда суу сактагычка 10 жаштагы бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап чыккан. Ушул эле күнү Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы суу сактагычка...
УКМК 118 даана жабдуусу бар майнинг-ферманы үйүнө орнотуп, мыйзамсыз киреше таап жүргөн жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматы билдирди. УКМКнын энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзгөн иш-чараларынын алкагында Нарын шаарынын тургуну кармалды. Ал жабдуу...