Олимпиаданын алгачкы мелдештери башталды
Новость

Токиодо жайкы Олимпиада оюндарынын алкагындагы алгачкы мелдештер софтбол менен башталды. 

Шаршембиде Австралиянын жана Жапониянын аялдар командалары Фукусима стадионунда күч сынашты. Олимпиаданын расмий ачылышы 23-июлда болот. Адатта беттештер расмий ачылышка чейин эле старт алат. 

Софтбол - бейсболдун жеңилирээк түрү. Оюндун бул түрү Олимпиада программасына 1996-жылы кирген. Быйыл Австралия, Канада, Италия, Мексика, АКШ жана Жапония курамалары биринчилик үчүн таймашышат.