Салык кызматкерлери эмделди
Новость

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

Эмдөөнү №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөө алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы кылдат текшерилди. Маалым болгондой аймактык салык органдарынын кызматкерлери да эмделет. 

Ошондой эле аталган кызматтын борбордук аппаратында жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жамааттык иммундашуу зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.