Алайда жер көчкү түштү
Новость

Алайда жер көчкү түшүп, турак үйлөргө 130 метр жетпей токтоп калды. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районундагы Чакмак айылында 2017-жылдын 4-январында саат 16:30да болжол менен 3000 м3 жер көчкү түшүп, 3 турак үйгө 130 метр аралык калган.  POST1RIGHT

 Райондук Жарандык коргонуу менен КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын жардамы чечими менен жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлгөн. Учурда көчкү түшкөн аймак жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлүнө алынды.