ӨКМ сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар тилекелерди жарыялады
Новость

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар аймактардын картасын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 15-16-август күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын жаашы күтүлөт.


- Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;

- Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Аксы, Токтогул, Ноокен, Тогуз-Тороо райондорунда;

- Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Ош шаарында;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;

- Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Сокулук, Москва, Панфилов жана Кемин райондорунда;

- Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;

- Талас облусунун Ч.Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда.

Ошондой эле республиканын унаа жолдоруна кооптуу болгон сел жана таш кулоо участкаларында, айрыкча:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426 чакырымдарында;

- Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

- Бишкек-Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128 чакырымдарында;

- Балыкчы-Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117 чакырымдарында;

- Талды-Суу-Арал унаа жолунун 4-5 чакырымдарында;

- Ош-Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

- Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56 чакырымындарында;

- Кербен-Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 чакырымындарында сел жана таш кулоо процесстери активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылууну өтүнөт.