Тоң районунда жааган мөндүрдөн жана куюндан үйлөр жабыркады
Новость

Кечээ, 14-август күнү Тоң районунун Темир-Канат айылында мөндүр аралаш жамгыр жаап жана куюн болгон. Алардын кесепетинен 2 турак үйдүн, 2 сарайдын, 1 чарбалык курулуштун чатыры жана 1 унаа жабыркаган.

Окуя болгон жерге Тоң райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүздү.

Бүгүн, таң эрте Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.А. Осмонов жана комиссия мүчөлөрү жерине барып, учурдагы абал менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды беришти.