Бир киши деңиз жээгинде кайырмак салып олтуруп алтын балык кармап алды. Алтын балык тигиге кишиче сүйлөп жалынды:
- Мени кое берчи, эмне тилегиң бар? Айт, орундатайын. - Тилегимби?. Тилегим - Америка менен Евроазияны туташтырган көпүрө салып берчи, элге жакшылык кылайын.
- Оо-о-й, бул өтө эле оор иш да, аны кыла албайм, башкасын айтчы?
- Анда мени күйөөсүнө эч бир кыянаттык кылбай турган, башка эркекке жолобой турган, жоош, аз сүйлөгөн аялга жолуктурчу.
- Ай, жанагы айткан көпүрөң канча метр чыгат? 😀 Окуянын мындан аркы уландысын Элмира Ажыканованын жаңы жылдык "Карды эриткен күлкүлөр" аттуу чыгармасынан уксаныңыздар болот.