Талас облусунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Айнура Жумашева кийиз жана жүн менен иштөөнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүп, улуттук баалуулуктарды искусствого айлантып жаткан чебер. Ал кыргыздын улуу ойчулдарын, тарыхын, символдорун жана салт-санаасын таберик буюмдарга, паннолорго түшүрүп келет.
Анын айтымында, чеберчиликтин башаты чоң энеси менен апасынан башталган.
-Чоң энем шырдак, ала кийиз жасачу, апам болсо ангор эчкинин жүнүнөн тыбыт жоолук жана шуру кошуп түрмөктөрдү токучу. Мен кичинемден эле жүн тытып, сайма сайып, оюу-өрнөктөрдү үйрөнүп чоңойдум. Бала кезибизде чоң энем жүндөрдү алдыбызга жууп келчү. Биз жарышып тытчубуз. Ким көп тытса, бизге чоң энем шуру белек берет эле. Шуру алабыз деп жүндү көбүрөөк тытканга аракет кылчубуз. Анан отуруп алып сайма сайып, шырдак жасачубуз. Ошентип сүрөт тартып, ала кийиз жасап, шырдактын оюуларын шырып жүрүп, чебер үй-бүлөдө чоңойдум.
Кесиби боюнча фармацевт болгон Айнура айым бул тармакта 19 жыл иштеген. Бирок чыгармачылыкка болгон кумары аны кол өнөрчүлүккө жетелеп, кийинчерээк айылындагы «Билимкана» аркылуу алгачкы эмгектерин көргөзмөгө алып чыккан.
Анын эмгектеринде кыргыздын тарыхый каармандары, улуу жазуучулар, мамлекеттин символдору – герб, желек, ак илбирс, ошондой эле заманбап 3D сүрөттөр жана оюнчуктар кездешет. Айрыкча, Чыңгыз Айтматовдун жети портретин кийизге түшүрүп жасаганы өзгөчө баалуу.
Айнура Жумашеванын эмгектери Америка, Австралия, Корея, Вьетнам, Түркия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөргө чейин жеткен.
Чебердин айтымында, ал кол өнөрчүлүктөн канааттанып, күндүн кантип өткөнүн да билбей калат:
-Кийизди, жүндү ушунчалык жакшы көргөндүктөн, кээде кызыгына кирип алганда таң кантип атып, күн кечкиргенин билбей калам.
Ал ошондой эле мамлекеттеги өнүгүүлөргө суктанып, аларды чыгармачылыгында чагылдырганын белгилейт:
-Жолдорубуз салынып, жаңы имараттар курулуп жатканына ыраазы болом. Ошондуктан президенттин сүрөтүн да кийизге түшүргүм келди.
Учурда анын эң чоң максаты – өнөркана ачып, айылдагы жана өлкөдөгү жаштарга бул өнөрдү үйрөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү.
- Мен өмүр бою иштеп келгендиктен, акча сурагым келбейт. Ар дайым эмгектенип, үй-бүлөгө салым кошкум келет. Жаштар да үйрөнүп, ушул өнөр аркылуу өздөрүнө да, үй-бүлөсүнө да жардам берсе дейм. Күйөө бар, кайнене бар, бирок ар бир айым өз алдынча акча таап, кол өнөрчүлүк аркылуу аз да болсо үй-бүлө бюджети үчүн кошумча киреше тапса дейм, – деп белгилейт Айнура Жумашева.