Казакстанда Борбор Азиянын белгилүү акын-жазуучуларына Михай Эминеску атындагы эл аралык сыйлык тапшырылды.
Михай Эминеску атындагы эл аралык адабий академия (Румыния) Борбор Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү акын-жазуучуларга академиянын эң жогорку сыйлыгы - алтын медал менен кошо Михай Эминеску атындагы сыйлыктын лаураеты наамын ыйгарды. Бул эл аралык сыйлыкка Кыргызстандан Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев менен таанымал акын Карбалас Бакиров татыды. Казакстандан акындар: Улугбек Есдаулетов, Акшумкар Серик, Аккуштап Бактыкереева, Тынчтыкбек Абдухаким, Мееркан Акдаулет, Өзбекстандан Осмон Азим, Түркиядан жазуучу Муса Касым Арыжан алды.
Казакстанда өткөн сыйлык тапшыруу аземине Азия менен Европанын, Африка жана Американын атактуу акын-жазуучулары, Нобель сыйлыгынын ээлери, Швед академиясынын мүчөлөрү катышты.