Бишкек-Ош унаа жолундагы оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды
Новость KTRK/videograp

Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, каттамдын 132-километрине түшкөн кар көчкү тазаланды. 

Учурда жол таза. Бирок көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, айдоочулар аралыкты сакташы керектигин министрлик эскертет. 

Белгилей кетсек, кечээ Бишкек-Ош унаа жолуна узундугу 50, ал эми бийиктиги бир жарым метрдей келген, көлөмү 5 миң кубдан ашык кар көчкү түшкөн.