Нарындын жолу боюнча министр орун басары менен “Бета Групптун” ээси кармалды
Новость

Нарын шаарында салынып жаткан жол боюнча транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев менен “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн тараткан маалыматка караганда, алар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн оңдоодогу мыйзам бузуулар үчүн Кылмыш жаза кодексининин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон иштин алкагында кармалды. Кармалгандар учурда Ат-Башы раймилициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдардын тийешеси бардыгы боюнча УКМК жана Нарын ОИИБ тарабынан ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 31-августта Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда Нарында жол жасап жаткан “Бета Групп” ишканасынын жетекчисин жана транспорт министринин орун басарын кармоо боюнча телефондон тапшырма берген. Ага Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин жетекчиси Камилжан Абдыкалыков Нарында подрядчы компания курулушту коюлган мөөнөттө бүтүрө албай калганын айткан.

Июнь айынын аягында Камчыбек Ташиев Нарынга барган учурда Шералиев көчөсүн оңдоо ишин 15-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген эле. Бирок жергиликтүү тургунда акыркы күндөрү жол сапатсыз курулуп, өз убагында бүтпөй жатканын социалдык тармактарга байма-бай жазып жатышкан.