Мугалимдердин айлыгы эки этап менен көтөрүлөт
Новость

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдердин айлыгы 2026-жылдын апрель жана октябрь айларында эки этап менен жогоруларын бүгүн жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине билдирди.

 Министрдин айтымында, учурда финансы кызматкерлери айлык акыны көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Анда сааттарды кыскартып коюу деген болбойт. Бирок айлык акы мугалимдин ишинин натыйжасына жараша көбөйтүлүп, окуучунун билим деңгээли жогорулаган сайын мугалимдин айлыгы да жогорулап турат. 

Агартуу министри бирок айлык акы канча сомго чейин көтөрүлөрүн айткан жок.

Кыргызстанда мугалимдердин айлык акысы акыркы жолу 2022-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 50 пайыздан 80 пайызга чейин көтөрүлгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 93 миңден ашуун мугалим бар жана алардын 87 миңдейи мамлекеттик мектептерде иштейт. Азыр мугалимдердин орточо эмгек акысы 25 миң 764 сомду түзөт.