8-декабрь Кыргызстанда радио жана телекөрсөтүү тармагында иштеген кызматкерлердин кесиптик майрамы. Бул майрам 1995-жылдын 23-декабрында өкмөттүн атайын токтомунун негизинде кабыл алынган. 8-декабрь жөн жерден тандалып алынган эмес.
Дал ушул күнү 1958-жылы эң алгачкы теле көрсөтүү эфир толкунуна чыккан.
Аткаруу комитетинин 1931-жылдын 1-декабрындагы токтомуна ылайык, Республикалык радиоуктуруу комитети уюшулган.
Ал эми 1932-жылдын май айында Кыргыз ССРинин борбордук аткаруу комиттине өткөрүлүп берилген.
Комитет республика аймагына теле көрсөтүү жана радио уктуруулардын таралышын көөмөлдөп, саясий-идеянын деңгээлин, көркөмдүк жана техникалык сапатты караган. Мындан тышкары адистер дарядалып чыккан.