POST1RIGHT
Эриш-аркак жылында Кыргызстан менен Россиянын маалымат мейкиндиги кеңейип, медиа кызматташтыгы бекемделиши керек. Бул туурасында Бишкекте өткөн “Кыргызстан менен Россия: маалыматтык кызматташтыктын негизги векторлору” аттуу тегерек столдо сөз болду. Бул маселеге ойдогудай көңүл бурулбаса, экономикалык, социалдык, билим берүү, маданият жаатында да көйгөйлөр жаралышы мүмкүн экендигин иш-чаранын катышуучулары билдиришти. "Регионалдык серепчилер" клубу тарабынан уюштурулган тегерек столдо Кыргызстан менен Россиянын медиа кызматташтыгынын келечеги, бир аянтчада иштөөнүн формалары менен мүмкүнчүлүктөрү жана телевизиондук контент алмашуу сыяктуу актуалдуу маселелерге басым жасалды.
"Эки өлкөнүн башчылары Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбековдун кызматташтыкты тереңдетүү багытындагы демилгелери сөздөн ишке өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Биздин соода-экнономикалык, маданий-гуманитардык жактан дараметибиз жогору. Бизди тынчсыздырганы маалымат мейкиндигиндеги кызматтыштык. Анткени коомчулук бардыгын Массалык маалымат каражаттары тарабынан көрөт жана кабыл алат эмеспи",- дейт "Регионалдык серепчилер" клубунун тең төрагасы Игорь Шестаков.