Облустук гезиттер 2020-жылдын 1-июлунан тарта кайрадан бюджеттен каржыланып чыгарыла баштайт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков облустук медиаборборлордун башкы директорлорунун катышуусундагы онлайн конференцияда билдирди. Анын айтымында, облустук гезиттерди чыгаруу өлкөгө өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишинен улам убактылуу токтотулган.
Онлайн жыйында министрдин орун басары жетекчилерге гезиттин мазмуну жана сапатын жакшыртуу, нускасын көбөйтүү аракеттерин көрүү ишин тапшырды. Буга чейин жарандарды так жана оперативдүү маалымат менен камсыздоо иштеринде медиаборборлордун телеканалдарынын эфирдик сеткасына өзгөртүүлөр киргизилип, автордук берүүлөрдүн саны кыскартылып, маалыматтык программалардын эфирдик убактылары кеңейтилген.