БУУ: Батыров менен Елисеевдин арыз даттануусу кабыл алынды
Новость KTRK/videograp

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Кадыржан Батыров менен Алексей Елисеевдин арыз даттануусун кароо үчүн кабыл алды. Бул маалыматты тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Айымкан Кулукеева тастыктады.  Батыров менен Елисеев экөө тең Кыргызстанда оор кылмыштар боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Серепчилер эл аралык уюмдун мындай кадамын мамлекетке таасир этүү үчүн атайын жасалган иш деп баалашууда. 

Кадыржан Батыров Кыргызстанда 2010-жылы улуттар аралык чагым жасаган деген айып менен соттолгон. Максим Бакиевдин башкы юристи болгон Алексей Елисеевге болсо өлкөдө кылмыш жолу менен келген каражатты адалдоо, пара талап кылуу беренеси боюнча иш козголуп, 8 жылга эркинен ажыратылган. Улуттук коопсуздук комитети учурда анын адвокаттык күбөлүгүн узартуу боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.

Кадыржан Батыров БУУ комитетине 2011-жылы кайрылган. Доо арызында ал 2010-жылы июнь окуясында Кыргызстанда болбогонун, соттордун ишине кийлигишүү болуп туура эмес чечим чыкканын айткан. Алексей Елисеев болсо 2014-жылы, кылмыш ишин териштирүүдө жарандык укуктары бузулганын шылтоо кылып кайрылган. Серепчилер эл аралык уюмдун мындай кадамын мамлекетке таасир этүү үчүн атайын жасалган иш деп баалашууда.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун даттануусу боюнча арызды карап, анын негизинде Кыргызстандын Жогорку Соту Аскаровдун ишин кайра териштирүу үчүн Чүй облустук сотуна жөнөткөн. Оор кылмышка айыпталып соттолгондор эл аралык уюмдарга азыркы иштеп жаткан Конституциянын 41-беренесине ылайык кайрылып жатышат. Мына ушул берене өлкөгө тышкы күчтөрдүн басымын арттырууга шарт түзүп келатканын адистер белгилешет.

Серепчилер кандай болгон күндө да Кыргызстанда кылмыш жасап качып жүргөндөр эртели кеч кылган иштерине жооп бериши керек дешет. Ал эми адам укуктары боюнча комитет аларга карата кандай чечим чыгарын убакыт көрсөтөт.