Президент Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады
Новость

Президент Садыр Жапаровдун 5-6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары аяктады. 

Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы «Эндрюс» авиабазасына конду. 

Экинчи күнү Садыр Жапаров АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Жеймс Риш жана Конгресстин сенаторлору менен жолугушту.

Саясий жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери, ошондой эле өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүсү талкууланды. 

Андан ары Президент Садыр Жапаров АКШнын Президенти Дональд Трамп менен Вашингтондогу Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Лидерлер жогорку деңгээлдеги конструктивдүү диалог өз ара аракеттенүүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышына өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти. 

Андан соң Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын Президенти С5+1 саммитине катышты.

Иш-чаранын алдында Садыр Жапаров басма сөз каражаттары үчүн билдирүү жасады. 

Ал биргелешкен аракеттер конкреттүү натыйжаларды берерине жана өлкөлөрдүн өз ара пайдасына өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчысы саммитте сүйлөгөн сөзүндө бул иш-чара айыл чарба, электрондук коммерция, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк-финансы чөйрөсү сыяктуу багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарын аяктаган соң, Президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.