Бир ууртам — бир өмүргө зыян: Өлүмгө алып келген суусундук
Новость

Кыргызстанда жаштар арасында энергетикалык суусундуктарды ичүү модага айланып, жаштардын ден соолугуна терс таасирин берүүдө. Акыркы айларда төрт киши каза болуп, бир нече адам оор абалда реанимацияга түшкөн учурлар да арбын. Бул тууралуу УТРКнын “Ден соолукта болуңуз” көрсөтүүсүндө Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык суусундук күч-кубат, энергия бергени менен адамдык бардык органдарына терс таасирин тийгизет.

“Энергетикалык суусундуктар кыска мөөнөттө энергия берип, уйкусу келгенде сергек болууга жардам берип жаткандай сезилет. Бирок анын курамындагы уу заттар боорду, мээни, уйку безди, жыныстык органдарды жана башка негизги органдарды жабыркатат. Кээ бир учурларда бул зыян жаштардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатат. Акыркы учурда төрт адам каза болуп, башка бир нечеси кыйынчылык менен сакталып жатат. Көчөдө жүргөн жаштардын көпчүлүгү энергетикалык суусундуктарды ичип жүргөнүн байкоого болот. Муну токтотуу үчүн мыйзамдык ченемдерди киргизүү зарыл деп ойлойм”,-деди ал.