Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Талды-Булак айылында заманбап милициянын аймактык пункту курулду.
Аталган жайда милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү жана жашы жете электер менен иштөө боюнча аймактык тескөөчү иш алып барат. Алар Ак-Коргон жана Талды-Булак айылдарында жашаган 5 миңге жакын калкты тейлешет.
Имараттын алды тарабы иш бөлмөлөрү. Ал эми арткы тарабы кызматтык батир болуп саналат. Жашоого толук шарты бар жайда 1 кызматкер үй-бүлөсү менен жашап, иштейт.
Имараттын курулуш иштери толугу менен Республикалык бюджеттен каржыланды.