“Биз мындан ары да “өлкөбүздө муктаж болгон ар бир үй-бүлө өзүнүн баш калкасына, уюткулуу очогуна ээ болсун” деген жакшы тилек менен ишибизди улантабыз”, - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак-жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу салтанатында.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Сузак районунун урматтуу тургундары!
Үй ээси болуу бактысына туш болуп жаткан мекендештер!
Бүгүнкү салтанаттын кымбаттуу катышуучулары!
Бүгүн биз бул жерге мамлекеттин калкка кам көрүү саясатынын кезектеги жандуу мисалы – Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резинденс – 4” жаңы турак жай комплексин пайдаланууга берүү үчүн келип олтурабыз.
Бул күн – үй алуу бактысына ээ болгон жарандарыбыз үчүн өзгөчө күн. Буюрса, бул үйлөрдүн жарыгы жанып, балдардын күлкүсү жаңырып, жаңы турмуш башталат.
Тапшырылып жаткан батирлер үмүттүн, ишенимдин, ынтымактын жышааны, мамлекет менен элдин биримдигинин белгиси болгондуктан, сиздердин бүгүнкү сүйүнүчүңүздөргө тең орток болуп жатканыма мен дагы кубанычтамын.
Үй — үй-бүлөнүн бекемдигинин жана коомдун туруктуулугунун негизги таянычы. Ошондуктан биз үйгө муктаж ар бир жаранды турак жай менен камсыз кылууну жөн эле милдет эмес, элге кызмат кылуу парзы катары кабылдайбыз.
Бүгүнкү күндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттин саясаты жигердүү ишке ашырылууда.
Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому өлкөнүн мамлекеттик турак жай саясатынын борбордук институтуна жана жеңилдетилген ипотекалык батирлерди тапшыруу механизмдерин өнүктүрүүнүн негизине айланды.
Акыркы маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 9 айында үйгө муктаж болуп, кезекке турган жана үлүштүк курулуш механизми менен 50%ын берген 3 621 жаранга батир берилди.
Ар бир тапшырылган үй бул берилген убадалардын аткарылышы, элибиздин ишениминин акталышы болуп эсептелет!
Бизге элдин ишенимине ээ болуудан артык эч нерсе жок. Мына ошол ишенимди сактап, элдин турмушун жеңилдетүүгө багытталган иштерди туруктуу түрдө жигердүүлүк менен улантып келебиз.
Урматтуу агайын-туугандар!
Бул жерден “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” уставдык капиталы – 2015-жылы 10 млн сомду түзсө, быйыл ал 87,5 млрд сомго чейин өскөнүн белгилеп айта кетейин.
Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.
Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат.
Бүгүнкү күндө “Мамлекеттик ипотекалык компания” мамлекеттин жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, миңдеген муктаж жарандарыбызды үй менен камсыз кылып, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн стимулдаштырууда.
Жетишилген жыйынтыктар мамлекеттик турак жай саясатынын негизи катары стратегиялык маанисин далилдеп турат.
Ал эми батирлери тапшырыла турган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Анын ичинде үмүт артып, кезекке турган 153 жаранга ак өргөөлөрүнүн ачкычтары тапшырылмакчы.
Бул көп кабаттуу үй дагы — жашоого ыңгайлуу, коопсуз, заманбап стандарттар жана тиешелүү шарттары менен курулду.
Мындай кубанычтуу учурдун артында чоң эмгек, тынымсыз аракет жатканын белгилеп кетким келет.
Бул турак жайдын курулушуна катышкан бардык адистерге – куруучуларга, инженерлерге, архитекторлорго, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жамаатына ыраазычылык билдирем.
Биз мындан ары да “өлкөбүздө муктаж болгон ар бир үй-бүлө өзүнүн баш калкасына, уюткулуу очогуна ээ болсун” деген жакшы тилек менен ишибизди улантабыз, бул багытта жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз.
Мамлекет жарандардын жашоо-шарттарын жакшыртууга бар күч-аракетин жумшайт. Турак жай курулушу боюнча стратегиялык пландар узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ, заманбап жана ыңгайлуу турак жай объектилери келечекте да курула бермекчи.
Урматтуу үй ээлери!
Жаңы конушуңарда жаңы дем менен жаңыча жашоо башталсын. Алдыга койгон ой-максаттарыңар орундалсын. Балдарыңыздар билимдүү болуп, мамлекетине, эли-журтуна, Мекенине кызмат кылып, из калтырсын.
Үйүңүздөрдө ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, ырыс -кут уялап, береке кетпесин!
Ушул жерден агарып-көгөрө бериңиздер!
Жаңы конушуңуздар кут болсун!”.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)