Жашыл энергетика: Кыргызстан Кытай менен кызматташууда
Новость

Кытайдын Сяньчжоу шаарында 10-эл аралык энергетикалык форум өттү. Ага Энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты. 

Жашыл энергия маселесине байланышкан эл аралык иш-чара Кытайдын Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулуп, жыл сайын өтүп турат. 

Бул форум жашыл энергияны өндүрүү: шамал, күн энергиясы, суу жана башка альтернативдүү энергия булактарын пайдаланууну жайылтуу маселесине арналган. 

Дүйнө жүзүндө жашыл энергияны өндүрүүнүн сап башында Кытай мамлекети турат. Бул форумда Кыргызстандык энергетиктер күн жана шамал энергиясын өнүктүрүүнүн алдыңкы үлгүлөрү менен таанышып, тажрыйба алмашты. Энергетика тармагында 70%га жакын инвесторлор Кытайдан тартылган. Айрыкча жашыл энергетикага байланышкан жабдыктардын бардыгы Кытайдан келет. Андан сырткары алдыңкы, заманбап техникалар менен камсыздоо да коңшу мамлекеттен алынууда. Келечекте жашыл энергетикага өтүүдө Кыргызстан-Кытай кызматташтыгы өз жемишин берет деген ишенич чоң.