Ош шаарындагы “Эне-Сай” жаңы конушунда үйлөрү түрттүрүлгөн тургундарга жаңы турак үйлөр берилет. Биринчи этап боюнча 20-ноябрда 200 тургун жаңы үйгө көчүрүлөт.
Маалыматка ылайык, конушта жалпы 340тай турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Азыр алардын басымдуу бөлүгү даяр болуп, айрымдарында чатыр жабуу, шыбак жана сырдоо иштери жүргүзүлүүдө. Коммуналдык кызматтар таза суу, канализация жана электр энергиясын тартууда.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтораевдин айтымында, үйлөрү снос (түрттүрүү) болгондордун баары ушул конушка көчүрүлөт.
“Алгач Жөөбас жана Абдыкадыров көчөлөрүндөгү тургундар жаңы үйгө киргизилет. Эртең бул жерде маселе болбошу керек. 20сында үй беребиз. Свет, канализация баары даяр. Жолдорго ага чейин асфальт төшөлөт”, — деди мэр.
Ар бир турак жай үчүн 3 сотых жер бөлүнүп, үйлөрдүн аянты 131 чарчы метрди түзөт. Алардын баары бир үлгүдө курулууда.
Бригадир Жеңишбек Укуевдин айтымында, ар бир үй 5 бөлмөдөн турат, жылуулук түтүктөрү тартылып, терезе-эшик орнотуу иштери аяктап калган.
Жыл башынан бери Ош шаарында 70ке жакын даректе иретке келтирүү иштери жүрдү. Жол кеңейтүү, тротуар куруу жана канал жээктерин тазалоо учурунда 480 турак үй түрттүрүлгөн. Мэриянын маалыматына караганда, ар бир жарандын укугу эске алынган. Маселен, Тойчиевдер үй-бүлөсүнө ипотекалык негизде курулган жаңы турак жайдан 3 бөлмөлүү батир берилген.
Жол кеңейтүү иштери дагы уланууда. Мисалы, Жунусов көчөсүндөгү 350 метр аралыкта 12 объект, анын ичинде 5 коммерциялык жана 3 турак жай түрттүрүүгө туш келген. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай уулунун айтымында, бул көчө мурда өтө тар болгон, эми ал 4 тилкеге кеңейтилет.
“Эл түшүнүү менен карап жатат. Эгер документи барлар болсо, аларга кенемте же соода жайларынан орун берилет”, — деди ал.
Учурда Ош шаарында 15 көчөдө иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин шаарда 50дөн ашуун жол толук жасалып, пайдаланууга берилген.