Бүгүн, 14-августта Нарын-Орук-Там унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөдөн Нарын дарыясына кулаган жүк ташуучу унаа жээкке чыгарылды. Буга чейин айдоочу унаасында болуп калышы мүмкүн деп божомолдонгон, бирок ал унаанын ичинде жок болуп чыкты
Учурда дайынсыз болуп жаткан айдоочуну дарыя жээгинен издөө иштери улантылууда.
Издөө иштерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан болуп жалпы 90 адам тартылды. Ошондой эле суучулдар дагы иш алып барып, дрон колдонулууда.
Кечээ, 13-августта Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарынын ортосундагы “Куюш” көпүрөсү жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда экиге бөлүнүп, унаа сууга түшүп кеткен.