Нарында дарыядагы көпүрө бузулуп, жүк ташуучу унаа сууга түшүп кетти
Новость

Нарын районундагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу аймакта Нарын дарыясындагы Эки-Нарын көпүрөсү бузулуп, андан өтүп бара жаткан оор жүк ташуучу унаа сууга түшүп кетти. Учурда унаанын айдоочусу изделүүдө. 

Маалыматка караганда, Нарын - Орук-Там жолунун 39-чакырымындагы көпүрө бүгүн түштөн кийин оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда ортосунан бөлүнүп, унаа дарыяга түшүп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар дароо 102 кызматына  кабарлашкан. Унаа жаңы курулуп жаткан мектепке курулуш материалдарын тартып бара жатканы айтылууда.

Нарын 2.jfif 272.95 KB
Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, кырсык болгон жерге куткаруучулар барган учурда оор жүк ташуучу унаа (КаМАЗ) дарыянын ортосунда көмкөрөсүнөн жаткан. Унаанын айдоочусу дайынсыз болуп, аны издөөгө Нарын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 38 куткаруучу тартылды. Куткаруучулар  8 топко бөлүнүп Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесинен күн чыгышты карай Эки-Нарын айылына чейинки аралыкта суу жээктерин издөө иштерине чыгышты.
нарын 3.jfif 226.14 KB
Бузулган көпүрө 1958-жылы салынган. Узундугу 38,5, туурасы 7 метрди түзгөн көпүрө авариялык абалда болгон. Бул көпүрө Нарын - Орук-Там жолундагы Эки-Нарын айылында салынып, ошол тегеректеги айылдарды облус борбору жана ички, тышкы жайлоолор менен байланыштырып турган.