Тажик президентинин сапары. Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Новость

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өтүп, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 4 миң милиция кызматкери тартылып жатканын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Бул Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 12-13-март күндөрү Бишкекке жасачу мамлекеттик сапарына байланыштуу.

Бул күндөрү ордо калаанын айрым райондорунда маал-маалы менен унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.

Бишкек шаардык милициясы шаар тургундарын жана конокторун мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.