Ислам тилектештик оюндарында Акжол Махмудов Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди.
Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак ченинде мыкты көрсөткүч көрсөткөн белгилүү балбан Акжол Махмудов Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан үчүн алгачкы алтын медалды утуп алды.
Финалдык беттеште ал ирандык балбан Амир Абдини 6:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, алтын медаль тагынды.