Мугалимдердин айлык акысы жогорулайт
Новость

Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып мугалимдердин айлыгы жогорулатылат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин штаттык бирдиктер жана маяналарды талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев Биринчи радионун “Түз байланыш” программасында билдирди.

Анын айтымында, учурда республика боюнча мугалимдердин орточо эмгек акысы 26 миң сомду түзөт. Айлык көтөрүлгөндөн кийин бул сумма 40 миң сомдун тегерегинде болушу күтүлүүдө. Учурда Агартуу министрлиги менен Финансы министрлиги биргеликте тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, токтомдун долбоорун даярдоодо.

Жаңы тартипке ылайык, мугалимдердин эмгек акысы:

  • билими менен педагогикалык стажына,
  • иштеген аймагына (айыл, шаар, алыскы же тоолуу райондор),
  • категориясына жараша аныкталат.

Билим берүү кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө болждол менен бир жылга 31 млрд сомдун тегерегинде каражат талап кылынат. Ал эми айлык 1-апрелден тартып көбөйгөндө, 9 айга керектелчү сумма 23 млрд сомдон жогору болот.

Эске салсак, 2022-жылы мугалимдердин жана социалдык сектордогу кызматкерлердин айлыгы 50% га жогорулатылган. Ошондон кийин айлыктар кайра карала элек болчу. Быйыл мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, 2026-жылы мугалимдердин маянасын жогорулатуу маселеси каралууда.