Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстанга барды
Новость

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Тажикстанга барды.

Аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстандын премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Жолугушуунун  жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди  чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана  маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын  кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.