Новость

Министрлер Кабинети менен Албания Республикасынын Министрлер Кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана  кызматтык паспорттордун ээлерин визалыкталаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды 
 
Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Албания Республикасынын Министрлер Кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын30-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Максаты 2024-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Албания Республикасынын Министрлер Кеңешинин ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарылболгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда Кыргыз Республикасынын жана Албания Республикасынын жарандары– дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, жүрүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүнвизалык талаптардан кирген датадан тартып 180 (жүз сексен) күндүн ичинде 90 (токсон) күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулат деп каралган.

Макулдашууну ратификациялоо ишкердик мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуушарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жөнөкөйлөтөт.