Адылбек Касымалиев казак өкмөт башчысы Олжас Бектенов менен жолугушту
Новость

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн расмий сапар менен Казакстанга барды.

Ушул эле күнү Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Алгач тар курамдагы жолугушууда тараптар эки мамлекеттин президенттери буга чейин аныктаган кыргыз-казак кызматташтыгынын бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча жетишилген макулдашууларды максималдуу алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-отурумун жана Аймактар аралык форумдун 2-отурумун өткөрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы 2025-2027-жылдарга карата кызматташуунун комплекстүү планына кол коюу сыяктуу жана башка актуалдуу кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Расмий сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен да жолугушат. Мындан тышкары бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Бул Адылбек Касымалиевдин министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке жасаган биринчи расмий сапары.