Ош аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди
Новость

«Ош» эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Маалыматка караганда, чечим Ош шаарында туман түшкөндүгүнө байланыштуу кабыл алынды. Ош эл аралык аэропортунда учактардын конуусуна саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилди.