Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленүүдө
Новость www

Кыргыз элинин туңгуч балеринасы, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында өткөн саамалык, концерттик программа менен коштолду. 

POST1RIGHT  Белгилей кетсек, бий өнөрүнө чыйыр жол салып, кайталангыс образдарды жараткан Бүбүсара Бейшеналиева, 1926-жылы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулган. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми кыргыз балетининин шедеврине айланып, дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө коюлган. Бийчи коомдук иштерге да активдүү катышып, СССРдин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз ССРнин Жогорку Кенешинин депутаты болгон. Кайталангыс талант 47 жашында дүйнө салган.