Алымбековдун он томдук китеби жарыкка чыкты
Новость

Кыргыз эл акыны, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, эмгек сиңирген ойлоп табуучусу Надырбек Алымбековдун он томдук китеби жарыкка чыкты. 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинини жыйналыш залында “Акын жана инженер” аттуу чыгармачыл кечеде 10 томдук китебинин бет ачаары өттү. 

Акындын бардык чыгармалары топтолгон бул томдуктардын эки китеби кыргыз тилине ыр түрүндө которулган “Куттуу Куран”, калган бөлүгү автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалардан турат. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"