“Туулган күн”, “Дарина”, “Оо, жаным”, “Унутам деп”, “Сүйүү кечи”, “Өрүк гүлү”, “Назира”-деген ырлары менен таанылган ырчы, режиссер Нурлан Тилебаевди эскерүүгө багытталган “Тагдыр тамчылары” уктуруусунан ырчынын жубайы Уулжан Туратова менен болгон маекти сунуштайбыз.
Кезинде үч-төрт күн катары менен коюлган концерттерине күйөрмандары агылып келип, 90-жылдары жылдызы жанып турган Нурлан Тилебаев төрт жыл гепатит оорусунун В түрү менен алышып, бир жыл төшөктө жатып, ушул жылдын 17-октябрында келбес сапарга узап кеткен.