Бишкекте белгилүү сүрөтчү, актер, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов эскерилет.
Иш-чара 23-ноябрдан 1-декабрга чейин өткөрүлмөкчү. POST1RIGHT
Жумалык Улуттук көркөм өнөр музейиндеги Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драм театрында "Акыркы чакыруу" деп аталган спектакль менен коштолмокчу.
Сүймөнкул Чокморов өзүнүн алгачкы ролун Болот Шамшиевдин "Караш-караш окуясы" тасмасында жараткан.
Советтик кино сынактарда Чокморов эң мыкты эркектин ролун жаратуучу катары 5 ирээт сыйлыктарга ээ болгон. Айтылуу Леонид Брежнев актердун чебердигине өзүнүн эң жогорку баасын берип, ага СССРдин эл артисти наамын берүүнү демилегелеген.