Жоголгон малчылар табылды
Новость

POST1RIGHTКара-Кулжа районундагы "Казык" жайлоосунда жоголуп кеткен үч малчы аман-эсен табылды. Аталган райондун Алайкуу өрөөнүндө 17-ноябрдан берки жааган кардын калыңдыгы 1,5 метрге жеткен.

Натыйжада, аталган аймактагы жашоочулар менен байланыш үзүлүп, Мырзаке-Алайкуу унаа жолунда кар көчкү жүргөн. Учурда аймактагы тогуз мектепте окуу убактылуу токтотулуп, төрт бала бакча жабылды.

ӨКМдин республикалык куткаруу отрядынан кошумча 23 куткаруучу жана техника жөнөтүлгөн. 

Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча аталган министрликтин ыкчам штабы түзүлгөн. 19-ноябрдан тартып акимдин буйругу менен өрөөндө өзгөчө кырдаал жарыяланды.