СССРдин эл артисти, таланттуу актер, сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун 1991-жылы жазылып алынган "Баардыктын башаты балалыкта" аттуу маегин назарыңыздарда сунуштайбыз.
Кыргыз киносуно зор эмгегин калтырган Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген.
Көп бүлөлүү үй-бүлөдө чоңойгон Сүймөнкул кичине кезинде көп ооругандыктан спорт менен машыгып,волейболдо ойногон.
Кино дүйнөсүнө 1967-жылы келип, жөндөмдүүлүгүнүн аркасында алгачкы жолу эле "Караш-караш" фильминде башкы образды жараткан. Көпчүлүк каармандардын образын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда аткарган.