POST1RIGHTСуук түшкөнү көмүр менен иштегендер көбөйүп, көчө бойлой тура калып эле саткандардын саны да арбыйт. Бүгүнкү жааган кар көмүр сатуучу жайлардын кардарларын ого бетер көбөйттү.
Кыш келип "эски толчок" деп аталган төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан отун базарындагылардын иши кызуу жүрүп жаткан маал. Көмүр сатуучу түйүндөр катары менен жайгашканына карабай, тынбай келген кардарлардын аягы үзүлбөйт.
Эмнеси болсо да үйүм жылуу болсун деп, шашып-бушуп көмүр сатып алган көпчүлүк жарандар анын баасына жана салмагына деле көңүл бурушпайт.Былтыр ушул маалда бир кап көмүр 150 сомдон сатылган болсо, ушул тапта анын баасы 180 сомго чыкты.