Мамлекеттик ипотека аркылуу 500гө жакын кызматкер үйлүү болушту
Новость

Быйыл бюджеттик тармактын 491 кызматкери жалпы суммасы 563 миллион сомго мамлекеттик ипотекалык турак-жай алган. 

Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди. 

Анын айтымында турак-жайды насыяга алгандардын орточо айлык-акысы же үй-бүлө кирешеси 31 миң сом деп эсептелген. Себеби банктар үй-бүлөнүн жалпы кирешесин эсепке алат. 

Бул сумманын 12 миңи ипотекалык насыяга берилет. Насыяга турак-жай алгандардын басымдуу бөлүгү элеттегилер экени белгиленди. Кезегин күткөн жарандар да көп. Кошумчалай кетсек бул иштер өкмөттүн “Жеткиликтүү турак-жай - 2015-2020” программасын ишке ашыруу алкагында жүрүп жатат.