Бүгүн кыргыз киносунун 75 жылдык мааракеси белгиленип жатат
Новость

Бүгүн кыргыз киносунун 75 жылдык мааракеси белгиленип жатат. 

Мааракеге карата улуттук филармонияда майрамдык салтанат жана кыргыз тасмаларына арналган көргөзмө өтөт. 

1941-жылдын 17-ноябрында Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Кыргызстанда алгачкы ирет 1955-жылы “Салтанат” көркөм тасмасы тартылган.