Лунара Мамытова Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды
Новость

Лунара Мамытова Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Лунара Мамытова, Коомдук телерадиоберүү корпорациясында «Ала-Тоо» маалымат программасынын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген. 

Андан кийин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында «Бир Бол» фракциясынын депутаты болуп, мандатын мөөнтүнөн мурда тапшырган.