Гүлбарчын Туйгунова Баткен областына караштуу Баткен районунун Айгүлташ айылында 1982-жылы төрөлгөн. Жети бир туугандын улуусу. 17 жашында турмушка чыгып, 18 жашында кыздуу болушкан. Бирок көп өтпөй жолдошунун кордугуна чыдабай ажырашып кетип , учурда жалгыз кызын караан тутуп жашап келет. “Өзүм окубасам да каражат таап, жалгыз кызымды окутайын, өзүм жетпей калган максаттарыма кызым жетсин –деп чет жерге иш издеп кеткен. Бирок ошол максаттарына жетпей, күтүүсүздөн тагдырдын сыноосуна кабылып, мекенине кайтып келген.
Каарманыбыздын майып тагдырга кантип туш болуп калганы ушул күнгө чейин табышмак. Эч кандай оорубай, жыгылбай, кырсыктабай эле бир күнү баспай калган. Гүлбарчын Туйгунова тууралуу даярдалган "Тагдыр тамчылары"уктуруусун угууну сунуштайбыз.