Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон мурдагы кылмыш ишин кайрадан жандантты.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Чүй жана Жалал-Абад облустарынын прокуратура мекемелеринин кызматкерлеринен атайын жумуш тобу түзүлгөн.
Буга чейин себепсиз токтотулган кылмыш иши тастыкталып, кайрадан жанданды жана азыр иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдирет башкы прокуратура.