Президент Ош менен Баткен облусуна сапар алды
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев Ош менен Баткен облустарын кыдыруу масатында учуп кетти. Мамлекет башчы эки облуста болуп, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы ден соолукту чыңдоочу комплекстердин ачылышына катышат. 

Атамбаев ошондой эле Баткен облусундагы чек ара тозотунун ачылышына да катышат. 

10-ноябрда Мамлекет башчысы атайын полктун жаңы имаратын, ошондой эле Баткен районундагы мектепти ачат. 

Мындан тышкары, өлкө башчы Ош-Баткен автожолунун Ак-Татыр–Исфана тилкесинин ачылышына катышат.