Бишкектеги мотор майлары сакталган кампадагы өрт жалпысынан 2700 чарчы метр аянтка жайылган. POST1RIGHT
Өрттү өчүрүүгө 13 өрт өчүрүүчү автоунаа, 4 суу ташыгыч машина жана 2 тез жардам кызматы катышкан.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн кампасында күчтүү жалынды өчүрө турган көбүк аралашмасы жок болгондуктан, күйүүчү майларды суу менен өчүрүүгө аргасыз болушкан.
Кампада 500 тоннадай мотор майлары болгон. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип, өрттүн келип чыгуу себептери изилденүүдө.