Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы болду
Новость KTRK/videograp

Бул күндөрү белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин тирүү болгондо 97 жылдыгы белгиленмек. Ал 6-ноябрда 97 жашка чыкмак. Кыргыз элинин чыгаан уулу 2015-жылдын 7-сентябрында дүйнө салган. 

Турдакун Усубалиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Анын күмбөзүнө небере-чөбөрөлөрү гүл көтөрүп барып эскерди.
Турдакун Усубалиев жакындарынын эле эмес, жалпы кыргыз журтчулугунун атасы. Кыргыз саясий элитасынын алдыңкы сабында турган Усубалиев өлкөнүн партиялык, советтик органдарын жетектеп турган мезгилде мыкты уюштургуч жетекчи катары өзүн бүтүндөй Союздук республикаларга тааныта алган. 

MEDIA1RIGHT
Кыргызстандагы ири долбоорлор, тактап айтканда ГЭСтердин, ири имараттардын, завод фабрикалардын курулушу дал ушул инсан жетекчи болуп турганда ишке ашкан. Өлкөнү башкарып турганда айыл жана мал чарбачылыгында болуп көрбөгөндөй өсүш болгон.

Бүтүндөй өмүрүн өлкөсүнө арнаган инсан, башкаларчылап байлык топтогон эмес. Анын бар байлыгы-элинин бейпил жашоосу болчу. Жөн гана элим деп жашаган, жөнөкөй инсан эле. 95 жылдык мааракесин белгилейли деген демилгечилерге ал “баардыгы өтө шаан-шөкөтсүз өтсүн” деп эскерткен экен. Бул- байлыкка умтулбаганынан, менмин деп төшүн какпаган карапайымдыгынын далили.

Чыгаан инсандын туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы өттү. Анын сөөгү коюлган Ала-Арча көрүстөнүнө гүл көтөрүп, көзү жок болсо да мүрзөсүнүн башында туруп жылуу пикирин айткысы келгендер арбын болду. Алардын катарында бир катар коомдук ишмерлер, жердештери, жакындары бар, жөнөкөй эле шаар тургундары бар.

Учурда Турдакун Усубалиевдин ысымын Жогорку окуу жайлардын бирине жана борбор калаадагы көчөгө ыйгаруу маселеси каралып жатат. Кыргыз деп күйгөн, кыргыз деп жашаган чыгаан уулун эскерүү, анын өрнөктүү өмүрүнөн үлгү алуу ар бир кыргыз баласынын милдети.