Кыргызстанда кечээ 7-ноябрь - маалымат жана басма сөз күнү белгиленди.. Бул күн майрам катары кыргыз тилиндеги тунгуч “Эркин Тоо” гезитинин негизделгенине байланыштуу калыптанган. Мына ушул даталуу күндөрдүн алдында өлкөдөгү сөз эркиндигинин деңгээлине баа берилип, анын жыйынтыктары боюнча тиешелүү тыянактар чыгарылат.
Адистердин пикиринде Кыргызстан кыска убакыттын ичинде “Борбор азиядагы демократия аралчасы” деген атка конду. Албетте демократиянын деңгээлинин басымдуу бөлүгү сөз эркиндиги менен ченелет эмеспи. Медиасерепчилердин айтымында, бу жагынан Кыргызстан коңшу өлкөлөрдү алда канча алыс калтырган.
Эл аралык уюмдар ар жылы дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдөгү сөз эркиндиги боюнча иликтөө жүргүзүп турушат. Быйыл апрель айында “Чек арасыз кабарчылар” уюму өзүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан эл аралык уюм 180 мамлекеттеги сөз эркиндигин иликтөөгө алган. POST1RIGHT
Назир Алиев Түркиянын “Анадолу” маалымат агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы. Биздин өлкөдө иштеп жүргөнүнө 11 жыл болду. Бул убакыт ичинде ага маалымат айдыңында, тактап айтканда кайсы бир иш-чараны чагылдырууда, эч кандай маселе жаралган эмес. Маселен мамлекеттик мекемелерден маалымат алуу тоскоолдугу же кандайдыр бир басым-кысымга кабылбаганын айтат.
Медиа серепчилердин пикиринде Кыргызстанда маалыматка болгон укук, жарандык коом, ошондой эле маалыматты чагылдыруу жаатында мыйзамдар сапаттуу жазылган. Андыктан бул маселеге укуктук жактан терең маани берүу да өлкөдө сөз эркиндигинин өнүгүшүнө өбөлгө болуп келүүдө. Акыркы 5-6 жылда бул жаатта чоң өзгөрүүлөр байкалып жатканын серепчилер белгилешет.
Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча азырынча Борбор азияда эч бир мамлекетти алдыга сала элек. Адистер мындай көрүнүшкө алдыдагы көп жылдар бою күбө болобуз дешет. Анткени эркиндик, ачык-айкындуулук, акыйкат коом биздин элдин негизги талабы болуп келген жана боло берет.