7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата журналист Геннадий Павлюктун эстелигине гүл коюлуп, эскерүү жөрөлгөсү болду. Ага Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов жана бир катар журналисттер катышты.
Борбор Азияда 3-4 таланттуу таанымал аналитик журналист болсо, алардын бири Геннадий Павлюк эле. Геннадий Павлюк учурунда “Аргументы и факты” гезитинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, “Белый пароход” басылмасынын түзүүчүсү болгон.
Массалык маалымат каражаттарынын майрамын утурлай, Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов журналисттер менен маркумдун эстелигине барып,гүл койду. Ошондой эле жакшы эскерүүлорү менен бөлүштү.
Эске сала кетсек 2009 -жылы 16-декабрда Павлюк Алматы шаарына барып, ошол эле түнү колу-буту байланган оор абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдынан табылып, көп өтпөй ооруканада көз жумган. Маркумдун мындай окуяга кабылышын жакын санаалаштары журналисттик ишмердигине байланыштырган. Анын элесин арналып Бишкек шаарына эстелиги коюлган.
Генадий Павлюк кыргыз журналистикасында сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн курч калем ээси катары эсибизде кала берет.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118