Президент Алмазбек Атамбаев 7-ноябрь басма сөз күнүнө карата бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө президенттин атынан сааттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Кесиптеги сиңирген эмгеги жана ата-мекендик журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн мамлекет башчынын колунан президенттин саатын "Ала-Тоо 24" каналынын продюсери Жылдыз Жумабекова, "Биринчи Радионун" башкы редактору Таалайгүл Сыдыкбекова, "Кабар" маалымат агенттигинин башкы директору Кубан Таабалдиев жана башка бир катар медиа мекемелердин өкүлдөрү алышты.
Мындан сырткары Президент мыкты медиа-долбоорлордун авторлоруна 70 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.
Ага Коомдук биринчи каналдын "КТРК кербени" берүүсү, "Акирпесс" маалымат агенттигинин "Кыргызстандын жана кыргыздардын тарыхы" аттуу рубрикасы, ЭЛТР каналынын "Мурас" программасы, Бешинчи каналдын "Доор алмашуу" берүүсү татыктуу болушту. Ошондой эле, Ачык саясат, Ачык сөз, Саат.кж порталы жана Марал радиосунун "Улут уюткусу" уктуруулары 70 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.