Молдо Нияздын 200 жылдык мааракесин утурлай
Новость www

Молдо Нияз Эрназар уулу өз кезегинин эң билимдүү аалымы жана жазгыч акыны болгон. 

Анын чыгармачылыгында санат ырлары өзгөчө орунда турат. Башка кыргыз акындарынан айырмачылыгы – анын фарс, араб жана чагатай тилдерин мыкты билгендиги жана ошол тилдерде жаза алгандыгында. Алгачкы агартуучу, жазгыч акын Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата туулуп өскөн кичимекени Кадамжай районунда акынга арнап жазылган китептердин бет ачары болду.